Жогорку Сот УКМКнын офицери А.Н.га чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда аталган соттон билдиришти.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 21-январь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндө болгон. Анда ал жакта кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасул ротанын командири тарабынан сабалган.
2016-жылдын 17-июнь күнү Бишкек гарнизонунун Аскер соту кылмышка шектүү А.Н.ны Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (күч колдонуу аркылуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтүн 20 миң өлчөмүндө, башкача айтканда, 2 миллион сом мамлекеттин пайдасына айыпка кириптер кылынып, бир жылга чейинки мөөнөткө өздүк курам менен иштөө укугунан ажыратылган.
Аскер сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы өкүмү менен Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун 2016-жылдын 17-июнунда А.Н. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
"2017-жылдын 9-октябрында Жогорку Сот А.Н. жөнүндөгү Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун 2016-жылдын 17-июнундагы жана Аскер сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 26-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылган. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт", - деп билдиришти Жогорку Соттон.