Ысык-Көл облусунда айдоочу жолдон өтүп бараткан үч адамды сүзүп алды. Эже-сиңди жан берди

Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 55-чакырымында (Чок-Тал айылы) болгон.

"Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну күн батышты көздөй баратып, жолдо өтүп бараткан 3 адамды Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен 1981, 1980-жылы туулган эже-сиңди жана алардын жанындагы 2015-жылы туулган кыз окуя болгон жерден жан беришкен. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
warrior96
2017-10-25 13:29:03
жайыраак айдабайсынбы ХХХХ!!!!
+4
Ulan14021985
2017-10-25 13:59:46
ХХХХ кыргыздын баарын түгөтмөй болдуңар го!!! Акырын айдасаңар бир нерсе болосуңарбы?!!!!
+6
Karban86
2017-10-25 14:12:02
Бейишин берсин, куноолорун кечир жаткан жерлери жайлуу болсун. Аттин Аттин Аттин.
+3
ajdaaar
2017-10-25 14:32:23
Ушул болуп жаткан кырсыктарга айдоочу менен катар бийлик куноолуу... Адам омурун алган кырсык катталбаган кун ото сейрек болуп калды. Дээрлик ар куну шум кабар угабыз. Кечоо Жумакадыров олгондо да бийликке жол кыймылы шашылыш реформага муктаж деген сигнал жетпеди...

Жол кыймылын реформалоо кыйынбы?!! Бийликтин ошого да "башы" жетпейби?!! Жол кырсыгынан боо боо кырылып жаткан жарандарыбыз бийликти эч ойлондурбайбы?!! Дегеле оз элин ойлобогон бийлик бизге керекпи?!!
+8
surgeon777
2017-10-25 18:38:39
ajdaaar,Ошол бейиши болгур Жумакадыров жаны кызматка келип,биринчи эле жол кырсыгы кобойду,жоюш керек деп реформа жасайм деп катуу киришкен экен,анан именно ошол жол кырсыктан каза болгону жанды кейитип жатпайбы,жерге киргир шайлоо болбогондо тируу журот беле...
+3
ajdaaar
2017-10-25 14:37:47
Жол кыймылын реформалоо билген адамга кыйын иш эмес го?!! ГАИ тармагындагы коррупция жоюлса, айдоочулар башынан сынакка кирип, жол эрежесин билгендерге гана жаны айдоочулук куболуктору берилсе, олко боюнча 300-500 камера орнотуп, штрафтардын коломун карап чыкса, жол кырсыктары азаят эле го?!!

Бугунку шартта жол кырсыктары азайбайт, айдоочулар жол эрежесин билишпесе, сактабаса, "крышасы" менен ГАИшниктерди опузалап отурса... Качан ойгонобуз, кырылып биртке калганыбыздабы?!
+3
gulzat85
2017-10-25 15:15:52
Эхх кандай гана кейиштуу.(жакындарына сабыр
+2
surgeon777
2017-10-25 18:40:16
Маркумдардын жатканжери жайлуу болсун,жандары жаннатта болсун.
+4
barakcha
2017-10-25 19:04:52
Прадо айдаса козун май баскан неме го?
+1
cfif03748
2017-10-25 21:39:28
Ал дейбиз Бул дейбиз.азыр жоо жургунчулор да.машинадан жол талашып журушот.пешеход турсада машинанын жолу менен басабыз.муну баарыбыз эле билебиз.ошондуктан бир жакты эле куноолой Берген болбойтко дейм.ал Эми каза болгондордун жакындарына конул айтам
+1
Kalemger
2017-10-26 09:59:02
Жип айдаса эле асманда учуп бараткандай болушат да көздөрүн май басып... Берки байкуштардын жаткан жерлери жайлуу болсун, туугандарына сабыр берсин жараткан...
+1
Nuura
2017-10-26 11:42:25
Лежачийди бийик кылып, койсо элдер ото турган жерден бир аз алысырак кылып .Ошондо машиналар лежачийден отуп жатканда элдерди корушот деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан