Шыкмаматов "Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоого катышам" деп сотту башка күнгө калтырууну суранды

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланмак.

Отурумда айыпталып жаткан депутат бүгүн Жогорку Кеңеште төрага шайланып жатканын негиз кылып, отурумду башка күнгө калтыруу боюнча өтүнүч келтирди. “Саат 14:00дө Жогорку Кеңеште төрага шайланмак, фракция лидери катары мен жыйынга катышышым керек”, - деди Шыкмаматов.

Ал эми жактоочу да котормочу келбегенин айтып Шыкмаматовду колдой турганын айтты. Сот Айбек Эрнис уулу тараптардын пикирин угуп чыгып, кийинки соттук отурумду 30-ноябрга калтырды.

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселге ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.

Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан