2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты ("Ата Мекен") Райкан Төлөгөновдун соттук иши 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Учурда судья тарабынан иш материалдардын 26 тому териштирилүүдө. Аталган томго Бакытбек Сыдыков жана Эсен Жунушалиев деген жарандардын көрсөтмөлөрү камтылган. Бакытбек Сыдыковдун көрсөтмөсүндө белгилүү болгондой, депутат Зарылбек Рысалиев 2013-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган учурунда ага телефон чалып иш бөлмөсүнө чакырганын, экөө анда эмне деп сүйлөшкөнүн айтып берген.
Эскерте кетсек, Төлөгөновго талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш иши ачылып, 2017-жылдын март айында камакка алынган.