Бишкек шаарынын А.Токомбаев көчөсүндө чатыры кулап түшкөн курулушта жабыр тарткан 2 куруучунун ден соолугу туруктуу. Аларга барып ал-акыбалын сураганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
Алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин хирургия бөлүмүнө которулган куруучу Арсен жаракаты жеңил экенин, учурда абалы жакшы экенин айтты.
"Бизге компаниянын өкүлдөрү келип кетишти, бардык чыгымдарыбызды көтөрүп жатышат. Кырсык болгон учурда мен төбөсү кулаган курулуштун түбүндө болчумун, Кудай сактап аман калдым. Оор деле жаракат алган жокмун, уранды бутума тийип терисин шылып кетти, бирок коркуп нес болуп калгандыктан дарыгерлер чочулашып жандандыруу бөлүмүнө жаткырышыптыр. Учурда абалым жакшы бүгүн гана бутуңду абайла деп балдак беришти. Ал жерге бассейн курулуп жаткан, мындай чоң курулуш буга чейин өлкөдө курулбаптыр. Салмагы өтө оор болгондуктан көтөрө албай түшүп кетти окшойт", - дейт Арсен.
Ал эми ураган курулуштан акыреги сынып кеткен Кайрат учурда абалы жакшы экенин, компаниянын өкүлдөрү келип ал-абалын сурап кеткенин айтты.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясы куруп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити урап түшүп 12 адам жаракат алып, экөөсү ооруканага жаткырылган. Ал эми 10 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.