Бишкекте милиция кызматкери каза болду. Аны бычак менен сайып кетишкен

26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкекте 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу милиция кызматкери бычактан жаракат алып, анын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов билдирди.

"Майрамбеков кечээ эмгек өргүүсүнө кетүүгө арыз берген. Бирок түн ичинде Бишкектеги көчөлөрдүн биринде бычактан жаракат алып каза болуп калды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам изделүүдө. Ошондой эле экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Оморов.

Каза болгон милиция кызматкери Бишкектеги Биринчи Май РИИБинде бир жылдан бери ыкчам кызматкер болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-10-26 09:55:12
Жаман болуптур... Жакындарына Кудайым сабыр берсин.
+5
Karban86
2017-10-26 09:57:22
Уй булосуно Сабыр тилейм, бейишин берсин Жараткан
+5
tttalant
2017-10-26 11:50:02
Кыргызстаным учун деп чет жерде окууп келди эми жашоосун баштайын дегенде ажал экен ажал айтырбай келет....
+1
Taalaibek.
2017-10-26 14:13:37
Ыкчам кызматкерлер эмне кылып олтурушат. Ыкчам тезинен кылмышкреди табышпайбы аттарыш очурбай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан