Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-стоматологдору бейтаптарды кабыл алууда каттоо журналына жалган маалыматтарды жазып, элден түшкөн 667 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алган деп шектелүүдө. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врачтарынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон. Райондук ҮДБнын кызматкерлери мындай иш-аракетти 2014-жыл жана 2016-жылдар аралыгында жасап келгендиктери аныкталды. Ошондой эле аталган мекеменин бухгалтериясы тарабынан борбордун врач-психиатрынын айлык акысына врач-нарколог - жогорку категориясы үчүн кошумча төлөм кошулуп келген. Факт жүзүндө аталган психиатрдын андай жогорку категориясы жок болгон.

"Жогорудагы мыйзам бузуулардын негизинде жалпы жонунан мамлекетке 697 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген. Козголгон кылмыш иши боюнча чогултулган материалдар Нарын облустук УКМКга мындан ары тергөө иштерин улантуу үчүн өткөрүлүп берилди", - деп маалымдайт прокуратура.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2017-10-26 13:46:41
Ар бир больницаны поликлиниканы текшерсеңер бюджетибиз кыйла кеңеймек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан