Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы кызматкери Махмуд Ходжаев суралды.
"Мен Исаев менен жакшы мамиледемин. Биз жумуш менен эки жолу жолукканбыз. Ошол учурда мен чечимди аткарган шаардык муниципалдык кызматта элем. Китепкананы сатууну шаардык кеңеш чыгарган. Бирок биз сатылбасын деп чечим чыгарып, андан соң шаардык кеңешке кайрылганбыз. Ага карабай биздин чечим кабыл алынган жок", - деп билдирди Ходжаев.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.