Бүгүн, 26-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум өттү. Анда сот шектүү Нарын Токтошевди 15 жылга, Майрамкүл Абдурасулованы 6 жылга эркинен ажыраткан.
Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана анын мурдагы күйөөсү 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү өзүнүн үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.