Нарында кесиптешин атып алган милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынды

Нарында кесиптешин капыстан атып алган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 25-октябрь күнү болжол менен саат 18:15 чамасында Нарын ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн куралдарды тапшыруучу бөлмөсүндө болгон. Анда 1991-жылы туулган М.Н. аттуу милициянын ага сержанты “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, ок атуучу куралды этиятсыздык менен колдонгондугунун айынан милициянын старшинасы Ж.А. аттуу кесиптешин кокустуктан атып алган. Атылган ок кесиптешинин төшүнө тийип, жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык, этиятсыздыктын айынан адам өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголуп, М.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
"Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев окуяны ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн барды. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө өздөрүнүн кызматкерлерин кызматтык даярдоо жүргүзбөгөндүктөрү үчүн жетекчилеринин иш-аракеттерине дагы тиешелүү баа берилет. Аларга дагы дисциплинардык мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөт", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2017-10-26 12:19:56
Эхх, жалко. Куралды колго кармаганда , курокко бармакты тийгизгенге болбойт.
+1
Taalaibek.
2017-10-26 14:05:44
Ушулардын баардыгы чондордун шалакыларынан. Билим алган эмес! Окуунун сатып алгандар жана окууну саткандар куноолуу.
0
aman0296
2017-10-26 23:28:09
Каза болгон балага жалко
+1
Esennura
2017-10-27 09:50:55
Аябай жакшы бала эле. өмүрү кыска экен. көп адамдын ичи ачышты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан