Күйөөсү Орусияга алып чыгып кеткен балдардын энеси: “Балдарымдын тилемчилик кылып жүрүшкөнүн айтышууда. Алардын кандай күн өткөрүп жатышканын билбейм”

Бишкек шаарынын тургуну Гүлзат Шарипова күйөөсү Кайрат Сатаев менен 2009-жылы баш кошкон. Ортолорунда 7 жаштагы Адеми аттуу кызы жана 5 жаштагы Адилет, 2 жаштагы Султан аттуу уулдары бар. Үй-бүлө 2016-жылы эки ажырым жолго түшүп, 2017-жылы расмий ажырашышкан.

Гүлзат Шарипованын айтымында, ал жумушта жүргөн кезинде күйөөсү эч кимден уруксат сурабай үч баласын алып кетип калган.

"2017-жылдын 1-июль күнү кичүү балам Султанды алып кетип калган. Ленин РИИБине арыз жазсам, атасы экен деп ишти жаап коюшкан. 15 күндөн кийин кайра келип, Адеми менен Адилетти алып кеткен. Мен жумуштан келип эле таппай калдым. Ленин РИИБине дагы арыз жаздым, бирок алар деле күйөөмө чара көрүшкөн жок. Мен күйөөмө жалгыз баруудан корком. Ал мени ур-тепкиге алып сабачу. Кийин милиция кызматкерлери менен бирге барып, үйүнөн тапкан жокпуз", - деди Шарипова.

Ошондой эле ал күйөөсү Кайрат Сатаев үч баласын алып, өлкөдөн чыгып кеткенин эки айдан кийин гана билгенин айтты.

"Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ал 15-августта Кайыңдыдан чыгып кеткен. Балдарымдын туулгандыгы тууралуу көбөлүктөрү менде. Ал үч баламды менин уруксатымсыз, күбөлүктөрү жок кантип алып чыгып кетти? Айрымдар анын Москвада экенин, балдарым болсо тилемчилик кылып жүрүшкөнүн айтышууда. Мен балдарымды тилемчилик кылсын деп боорума басып чоңойткон эмесмин. Эки балам бала бакчага, кызым мектепке барыш керек болчу. Москвада балдарым кандай күн өткөрүп жатат билбейм. Ал жакта балалуу эмес, жалгыз киши араң жашайт. Эгер сүрөттөгү балдарды көргөн-билгендер болсо, кабарлап койсоңуздар. Менин телефон номерим: 0 (709) 43-96-06", - деп кошумчалады.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, Кайрат Сатаев аттуу адам 1-сентябрдан 5-сентябрга чейин элчиликтин мейманканасында балдары менен жашап кеткенин билдиришти.

"Ал киши элчиликтин мейманканасында 4-5 күн жашаган. Келинчеги "балдарды уурдап кетти" деп жатат. Жолдошу бизге андай деген эмес. Биз "сизди ушундай 3 баласы менен жалгыз, акчасы жок, кыйналып Москвада жүрөт, жардам керек деп жарыялайлы, диаспора, жалпы эл жардам берет" десек "туугандарымды таптым" деп эч кимге айтпай чыгып кеткен. Ошол боюнча белгисиз. Элчиликте документтеринин көчүрмөлөрү бар. Учурда ал изделүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов чынында эле Гүлзат Шариповадан Ленин РИИБине арыз келип түшкөнүн билдирди.

"Ооба, ал жаран бизге кайрылган. Бирок соттун чечиминде балдар кимде калары тууралуу эч нерсе жок экен. Мындан улам биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Сотко кайрылсак да, балдардын кимде калары тууралуу маселе каралбаганын билдиришти. Учурда Кайрат Сатаев издөөдө. Кыргыз жерине келсе, иш кайрадан каралат", - деди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Syn4y
2017-10-26 15:28:55
makiaj okwoit
-17
Bak.taalai
2017-10-27 14:58:53
Syn4y,Ушу макияжды сага жазап берсе кооз болот эле
+1
raikakyz
2017-10-26 15:29:24
Урматтуу элчилик жана сот!
Гулзаттын балдарын кайтарып берууго аракет жасагыла.Балдар эне менен болушу керек,анткени Ата-сырткы тон.Баланын мээримин тушуно беришпесе керек.ЭНЕ-ички тон.Баланын эмне болуп жатканын эне байкуш гана сезе алат.
+17
alina051506
2017-10-26 15:50:40
raikakyz,Эже туура айтасыз
+8
aseras
2017-10-26 15:44:12
Балдарыныз эсен аман табылып калсын деп дуа кылайлы.
+9
Pchelka85
2017-10-26 16:11:03
Негизи чек арадан откондо баландын атайын паспорту Жана Эгер ата энесинин бироо менен гана отуп атса анда экинчисинин доверенность кагазы жок алып ото албайт го??? Же мен жанылышып атамбы?
+2
dina
2017-10-26 16:39:41
Pchelka85, акча тааныш менен отуп кетти да.
+5
nurhan2702
2017-10-27 07:50:39
Pchelka85,эркек адам (атасы) алып ото берет, а энеси созсуз куйоосунун доверенностьу мн отуш керек. Нотариуска барсан 1000сомго доверенность жасап берет атасы жокто эле. Бизде КРда акча мн баарын жасатса болот
+1
jonne
2017-10-26 16:44:42
Москвада дагы эл журт табышканга жардам берели
+3
raikakyz
2017-10-26 17:34:13
jonne,жардамдашсанар жакшы юолмок.Байкуш балдар кантип жатышат болду экен,энесин сагынышып.Ыйлап жатышса ата соорой ыйлаба деп бакырат.Табышып койгулачыыы...
+4
kenje-888
2017-10-26 17:24:56
уффф ушу акылы жок эркектердики отту айбандан айрымасы жоктор кайсы жанылыкты окуба эркек соройлор зордуктады же баласы мн кууп чыкты ж.б.
+2
kenje-888
2017-10-26 17:26:01
Эркек алсыз аяды, балдары коргобой эле кайра зордошчу болду акыркы убактарда
+2
kyrgyzstan00
2017-10-26 17:49:24
Тоа кантип алып отту экен.Москвага кирээрде олло текшерет го озунун балан менен зорго откорушот го.Иий эркектер ит эле да тоааа.
+2
Ma9
2017-10-26 17:55:49
чек арвдан откондо метирка керек кантип чыгып Кети экен
+1
Shamdagai2013
2017-10-28 14:09:47
Ma9,Куболукто сурот болбойт го.Башка бироонун куболугу менен деле алып кетип калышы мумкун.
0
ludimira
2017-10-26 21:11:12
Лучше коргон билгендер кабарлагыла сынабай
+1
jypara1415
2017-10-26 21:27:35
Акча менен алса керек да , повторный куболукторду жоготуп алганбыз деп байкуш болуп .
+1
jazy
2017-10-26 22:12:14
Табылып калса экен балдарга жаман боорум ооруп жаман болдум куйосунун суротун коруп жактырбадым бирдемкеси бардай кыргыз аялдары жаман корболушту дагы кыйратышкансып 3 тон 4 тон катын алгыла деп койушат бир аялды балдары менен жакшылап бага алышпайт акмактар
0
kochkor.siti
2017-10-26 22:24:28
jazy,куйосун кайсы суроттон кордунуз???
0
bibi87
2017-10-27 03:15:12
Акыл эси ордунда эмес го. Эки жаштагы баланы да энесинен ажыратып, темселеп Кыргызстан эмес Москвага эшек такалаганы барабы??? Уч бала менен жашоо абдан кыйын, тем более эркек кишиге. Кудай сактасын жаман нерседен, куйоонузго ыйман берсин, эртерээк табылып калсын балдарыныз. Балдарыныздын баарын алып кеткенде Эле, бир амалын кылсаныз болмок. Озунуздо да Куноо бардай, 15-июлда алып кетип, 15-августта чыгып кетиптир чек арадан. Туура бир ай. Биздин укук коргоочулар, коргобой эле тебелейт кайра
0
bibi87
2017-10-27 03:20:23
Ажырашкан ата- энелердин балдары ким менен кала тургандыгын биздин соттор чечип бербейби? Эгер закондуу турдо ажырашкан болсо, супер инфо ушул суроону тактап бергилечи пожалуйста
+1
Xanisha
2017-10-27 16:34:49
Ушулбу кыйын болуп жазып аткан кыргыздын жигиттери. Оз балдарын кордогон, анан суйлосо асманды суйлошот, колдон эч нерсе келбей эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан