Террористтик уюм менен байланышы бар деп шектелип, кыйноого алынган 3 кишиге Канаданын өкмөтү 31,3 миллион доллар компенсация төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.
Тактап айтканда, Канаданын күч түзүмдөрү аталган 3 адамды терроризмге шектүү деп жаңылыш кармап алышып, кыйноого алышкан. Компенсациянын суммасын Абдулла Альмалки, Ахмад Эль-Маати жана Муайед Нуреддин бөлүшүп алышмакчы. Бирок ким канча каражат алары белгисиз. Алар буга чейин Канаданын сотуна 100 миң доллар доо арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулар аброюбузга шек келип жана кыйноо учурунда психикалык, физикалык кысымга алындык деп Канаданын өкмөтүн күнөөлөгөн.
Жабырлануучулар Сириядан ар кайсы убакытта камакка алынышкан. Ахмад Эль-Маати - жүк ташуучу унаанын айдоочусу, ал 2001-жылдын ноябрь айында өзүнүн үйлөнүү тоюна баратканда кармалган. Канадалык полициянын кызматкерлери Ахмаддын унаасынан табылган картанын негизинде "Канаданын өзөктүк объекттерине чабуул пландап жатат" деп камакка алган.
Инженер Абдулла Альмалки 2002-жылдан баштап Сириянын түрмөсүндө 22 ай кармалган. Канаданын коопсуздук жана чалгын кызматы аны шектүүлөрдүн тизмесинде жүрөт деп эл аралык деңгээлдеги билдирүү тараткан. Альмалки кыйноо маалында өзүн Бен Ладендин жардамчысы экенин айла жоктон моюнуна алган. Бирок кийин ал сөзүн четке каккан. Ур-соккуга алынгандан кийин Абдулла Альмалки баса албай калган.
Торонтодогу ислам мектебинин директору Муайед Нуреддин болсо, 2003-жылы үй-бүлөсүнө баратып Ирактын чек арасында камакка алынган. Нуреддин камакта 34 күн кармалган.