Баткендеги көмүр шахтасында үч адам газга ууланып каза болду (толукталды)

Баткендеги көмүр шахтасында үч адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-октябрь күнү Баткен районунун Самаркандек айылынын Гарым тилкесинде болгон. Анда өз алдынча көмүр казып жатышкан үч адам газга ууланып каза болгон.

"Издөө-куткаруу иштерине 9 куткаруучу катышып, бүгүн саат 02:30 чамасында каза болгон үч адамдын (1970-жылы тулган С.Ормонов, 1972-жылы туулган И.Ибрагимов жана 1987-жылы туулган Акмат уулу У) жансыз денесин 90 метр тереңдиктен алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан