Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 26-октябрь күнү саат 21:43 чамасында болгон. Анын очогу Жалал-Абад шаарынан 6 чакырым түндүк-батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 27 чакырым түштүк-батышта, Сузак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Жалал-Абад шаарында, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында 3 баллды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.