Москвада адам өлтүрүүгө шектелип Кыргыз өлкөсүндө туулган адам кармалганын Орусиянын "РИА-Новости" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя 21-октябрь эртең менен болгон. Анда Кыргыз өлкөсүндө туулган адам 1989-жылы туулган жаранды бычак менен ичке сайып салган. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден жан берген.
"Кылмышка шектүү качып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү кармалып, кылган ишин моюнуна алды. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.