Ырчы Алмаз Шаадаев гезиттин жаңы санынын апта каарманы болду. Чыгармачылыкта 7 жылдан бери эмгектенип келаткан ал: “Кызыл кроссовки кийип алып элдин алдына ойсоңдоп чыгып, эптемей клип тартып койсом ырчы болом деп ойлогом. Ырчынын аты эмес, чыгармасы хит болгон башкача ырахат экен. Бир жылдан бери тойлор “Фаридамсыз” өтпөй калды”, - дейт.
Ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№782, 27-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.