Чүйдө 30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектүү катары чогуу жашаган киши кармалды

Кечээ, 26-октябрь күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда турак үйлөрдүн биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу айтылган.

Чүй ОИИББинин маалыматы боюнча, аялдын өлүмүнө шектүү катары үй ээсинин тууганы 36 жаштагы Ш.К. кармалган.

"Үй ээси турак жайын тууганы Ш.К.га калтырып кеткен. Шектүү ал үйдө 30 жаштагы А.Ч. аттуу аял менен бирге жашап жүргөн. Шектүүнүн айтымында, 19-октябрь күнү кызганычтан улам аны өлтүрүп, короого көмүп койгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан