Жардам сурап кайрылган Калийпа энеге жолугуу үчүн Ош шаарына барганыбызда ал үйүндө экен. Бизди көрүп ыйлап тосуп алган эненин үйүн аттаганда эле жардамга муктаж экендиги билинди. Өзү отурган муздак бөлмөдө шкаф жоктугунан буюмдар түйүлгөн түйүнчөктөр, эскилиги жетип, кирдеген килем... Жыйылбаган төшөнчүлөр болсо эненин оорукчан экенинен кабар бергендей. “Жарадан улам аркам, көкүрөгүм терини сыйрыгандай ооруйт, тимеле бычак тийгендей болот. Кийимим тийип кетсе жанымды көзүмө көрсөтөт. Ошондуктан жатуу да кыйын”, - дейт ал.
Эненин арманын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№782, 27-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.