Коррупция боюнча айыпталган депутат Игорь Чудиновго кылмыш иши козголуп жарым жылдан кийин суракка алынды

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду суракка алды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал кечээ УКМКга чакырылып, сурак 2 саатка созулду.

Эскерте кетсек, 29-майда Башкы прокуратура УКМКнын материалдарынын негизинде Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаттар Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган маалда 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деген айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jbolotov
2017-10-27 12:21:45
Кумтор боюнча кыргыз элине куйбогон келишимге барган ушул лрус болсо керек эле, камалсын.
0
Makain
2017-10-27 16:12:11
Акчасы барда ошол учун журот камалбай Чудинчик
0
Shahrizaada
2017-10-28 04:05:42
Дагы деле журобу бул? Давно кетиш керек эле абакка.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан