Балдар дүйнөсү аруу, кээде улуу кишиден да акылдуу кептерди айтып коюшат. Бул ирет биз 4 жаштан 7 жашка чейинки балакайларга "Президент ким?" деген суроо менен кайрылып көрдүк. Жыйырмадан ашуун баланын жообуна бир жылмайып алыңыз. Хамза Эрнисов, 5 жашта: "Жээнбеков Сооронбай, мурун Бабанов болчу. Ал башкарат, бандиттерди кармайт, кишилер менен сүйлөшөт", -дейт.
Балакайлардын ары күлкүлүү, ары кызыктуу жоопторун “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№782, 27-октябрь, 2017-жыл) окуңуз.