Нарында октон каза болгон милиция кызматкери жерге берилди

Бүгүн, 27-октябрда Нарында октон каза болгон милиция кызматкери жерге берилди. Бул туураулуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Каза болгон милиция кызматкеринин сөөгү Нарын шаарында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Нарын РИИБинин жетекчиси жана маркумдун жакын туугандары катышты. Мында атайын митинг-реквием өткөрүлүп анын жасаган иштери, күжүрмөн эмгеги айтылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Каза болгон милиция кызматкери Адилет Жолдошбек уулу 1992-жылы Нарын шаарында туулган.

Эске салсак, буга чейин Нарын шаарында милиция кызматкери өз кесиптешин капыстан атып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anandi
2017-10-27 14:39:00
бейишти насип кылсын Аллахым,куноолорун кечирсин,уй булоосуно Сабыр тилейм!!!
+2
Mers124
2017-10-27 14:52:25
Жаткан жерин жайлуу болсун Адибай. Бул дуйнодо жакшылар эрте кетет тура
+2
Esennura
2017-10-27 17:37:31
Жанын жаттан берсин. жаткан жериң жайлуу топурагың торко болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан