Сотто Райкан Төлөгөнов жарыш сөзгө даяр эмес экенин айтты

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө соттолуучу Төлөгөнов жарыш сөзгө чыкмак. Бирок ал абалы начар болуп башы ооруп турганын айтып, жарыш сөзгө даяр эмес экендигин билдирди.

Сот тараптардын оюн угуп өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан