Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлүп, тараптар жарыш сөзгө чыгышты.
Отурумдун жүрүшүндө жактоочу жарыш сөзүн айтып жаткан учурда Райкан Төлөгөнов башы айланып өзүн жаман сезип жатканын айтты.
Сот соттолуучунун ден соолугун эске алып 10 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.
Маалым болгондой, буга чейин Төлөгөнов акыркы сөзгө даяр эмес экендигин айтып бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.