Бишкекте милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жаран бүгүн Бишкекте кармалды. Учурда ал суракка алынып, окуянын чоо-жайы такталууда.
Айта кетсек, окуя 26-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адам милиция кызматкери Уларбек Майрамбековду бычак менен сайып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.
Уларбек Майрамбеков 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Ал 2014-жылы Орусиянын ИИМ академиясын аяктап, Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында аймактык тескөөчү болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдан тарта Биринчи Май РИИБинде ыкчам кызматкер катары иштеп жүргөн.