Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айыл аймагында турак үй күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Булак айыл аймагында турак үй күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл-Кыя шаарындагы №62-өрт, куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Өрттү өчүрүүгө саат 15:15 чамасында кошумча күч чакырылган.
Жалындын тутанышы азырынча белгисиз.