Киши колдуу болгон милиционер кылмышка шектүүдөн акыркы жолу эмне деп сураганы белгилүү болду

Кылмышка шектүү милиция кызматкерин кантип өлтүргөнүн айтып берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүүнүн айтымында, бир адам келип "түн жарымында эмне кылып жүрөсүң, кимсиң?" деп сураган. Андан соң өзүн тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн. Ошол учурда ал катып алган бычагын алып чыгып сайып салган. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.

"Шектүүнүн үйүн текшерген учурда далил буюм катары кылмыш болгон убакта кийип жүргөн кийимдери табылган. Учурда кылмыш иши козголуп атайын экспертиза дайындалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кылмышка шектүү Талас облусунун 1992-жылы туулган С.Б аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал учурда Бишкек шаарында жашайт, эч жерде иштебейт.

Эске салсак, 26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкекте 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу милиция кызматкерин белгисиз адам бычак менен сайып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tansuluu09
2017-10-28 17:10:45
Мен ишенбедим "не кылып журосун?"-дегенине эле бычак саймак беле?
+12
FlFA-UEFA
2017-10-28 17:35:50
Подстава.
+3
erlist
2017-10-28 17:41:34
Ал милиса бала бир кун мурун отпускага чыккан деп атпады беле анан тунку учто эмне "иштеп" журот бу жерде башка масале бар экоо бирдеме болушо албай койгон.
+12
Makain
2017-10-28 17:48:05
Калп эле атайын жазалган нерсего
+8
Makain
2017-10-28 17:49:12
Алго журсо жургондур а мент отпускага чыгып 3то эмне кылып журот
+12
barakcha
2017-10-28 18:25:41
Мен дагы ишенбедим.
+5
Emu-Janyl
2017-10-28 18:51:59
barakcha,ишенсенер ишенбесер адам олтурдубу,жазасын алсын!Бул жакта канча адам чырактай баласынан айрылып , сыздап олтурат.
-2
12.12.12
2017-10-28 18:30:37
Menin ugushuma karaganda kylmyshka shektuu milisiyadan tamekin suragan eken.
-3
Kyrgyz06
2017-10-28 18:32:35
мент Адам эмеспи кочодо журсо болбойбу аларда биздей арак ичишет ойнойт кулот каалаган жерине барышат
+2
barsbegKG
2017-10-28 18:38:37
Отпускада болсо эмне кылып жүргөнүн неге териштирди шектүү камерага түшүп калды беле кийими далил болгудай?
+2
Emu-Janyl
2017-10-28 18:47:59
barsbegKG,ооба ,камерага тушуп калган.Видеолору журотго.
+1
Defend.
2017-10-28 18:46:53
Отпускабы, командировкабы, кызмат учурубу не болгон күндө дагы коопсуздук үчүн сураганга акысы бар. Бизде ким таза иштесе ушуга окшоп киши колду болгондор айтпаса деле белгилүү.
+9
Nanei
2017-10-28 19:26:41
Бирок тунку учто эмне кылып журду болдукен милиционер ОЗУ.
+2
barakcha
2017-10-29 09:42:50
Nanei,шабашка
0
nurbek11
2017-10-28 20:53:44
Милиционер уйлоном деп отпуска алып кеткен болсо тун жарымда эмнеге сурайт эле. Бул да болсо жон эле оюн. Карапайым бир бечараны камап салышпаса эле болду. Эмне кылып журосун десе деле сигарет сураган убакта деле дароо бычак сайып салбаса керек.
+5
Mers124
2017-10-29 00:09:37
Кылмышкер камерага тушуп калыптыр. Бирок, далил кылынган курткасынын чонтогу эле окшобосо. Ондору окшобойт. Кылмышкердики бир ондогу(однотонный) куртка болсо,бул баланын курткасы асты башка ондо,усту башка ондо экен. Топусу да башкача. Кыскасы бир кылмышкердин айынан экоонун тагдыры олду. Олгон милиция баланын анан куноосуз баланын.
+11
Taalaibek.
2017-10-29 19:04:29
Ишенбейм! Даг бир карапайым жигиттин убалы. Кийимде эч кандай далил деле жок экен. Коркутканда коркконунан мойнуна алып алгандыр.
+2
nuriwka
2017-10-30 00:33:06
Олгон милициянын коллегасы менин кошунам болот. экоо кыз талашып жургон деп аткан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан