Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө Канат Исаевдин жаңы жактоочусу Сергей Слесарев иш менен таанышуу үчүн убакыт керектигин айтып 9-ноябрга чейин мөөнөт берүүнү суранды. Бирок сот иш менен таанышууга 2-ноябрга чейин гана убакыт берди.
Мындан сырткары отурумга бүгүн сурала турган 3 күбө да келген жок. Сот тараптарга аларды кийинки отурумга алып келүү талабын коюп отурум 2-ноябрда саат 9:30да улана турган болду.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, быйылкы президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.