Ош облусуна караштуу Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, кырсык 29-октябрь күнү саат 10:00дөр чамасында болгон.
"Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 208-чакырымында катуу бара жаткан унаанын оң тарабындагы арткы дөңгөлөгү жарылып, унаа 3-4 жолу оодарылып кеткен. Натыйжада унаада бара жаткан 7 адамдын үчөөсү ошол жерден каза болуп, төртөө Алай районунун аймактык ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.