Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Экотехинспекциянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү курулушу бүтө электе урап түшкөн имаратка көзөмөл жүргүзгөн Экотехинспекциянын архитектуралык-курулуш боюнча көзөмөл кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кызматкерлер өз милдеттерин аткарбай, убагында текшерүү иштерин жүргүзүшпөгөндүгү аныкталган. Кырсыктан кийин алар каталарын жашыруу максатында курулуш компаниясы менен биргеликте текшерүү болгондугу тууралуу жалган документтерди түзүшкөн. Буга байланыштуу бир нече кызматкерге 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясы куруп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити урап түшүп 12 адам жаракат алып, экөөсү ооруканага жаткырылган. Ал эми 10 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Кырсык катталган күнү окуя болгон жерге текшерүү жүргүзгөнү барган Экотехинспекциясынын өкүлдөрү "кырсык боюнча прораб, автордук көзөмөл жана техникалык көзөмөлдү жүргүзгөндөр жоопкерчиликке тартылат. Биз бир апта мурда рейддин алкагында техникалык көзөмөл боюнча текшерүү жүргүзүп эскертүү бергенбиз. Ошол кагаз аркылуу кийинки текшерүүнү жүргүзгөнгө 30 күндөн кийин гана уруксат берилет", - деп билдирген.