Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Шыкмаматовдун унаасы сатып алынган тендерде унаасын саткан Александр Мергенталлер көрсөтмө берди.
Ал өз көрсөтмөсүндө унаасын сатып жатканда келишимдеги баа калем (карандаш) менен жазылганын айтты.
"Унаа базарында унаамды сатып жаткам, мага Жусуп Иманалиев келип унааны көрүп сатып алам деди. Биз аны 13 миң долларга бааладык. Эртеси жолугуп унааны ал айткан жерге алып бардым. Ал жерде меникинен башка да бир нече автоунаа сатып алып жатканын билдим. Мен келишимдеги сумманы ошол учурдагы доллардын баасына ылайыктап сом менен алгам. Бирок сом менен канча сумма болду так эсимде жок. Андан сырткары ал жерде келишимдеги унаанын баасын калем менен жазып койгонун көрдүм. Ошол учурда ушундай унаалардын баасы 13 миң доллардан 15 миң долларга чейин болчу", - деди Мергенталлер.
Ага айыпталуучулардын бири Жусуп Иманалиев: "Сиз эки жолу акчаны кассадан алдым деп көрсөтмө берип, бүгүн эми менден алдым деп жатасыз", - деди.
Ага Мергенталлер: "Мага ал убакта акчаны кимдин колунан алганымдын айырмасы жок болчу. Мен так айта албайм, сиздин колуңуздан алдым деп. Бирок унаанын баасы калем сап менен эмес, калем менен жазылганын көргөм", - деди. Ошондой эле ал Шыкмаматовду эч качан көрбөгөндүгүн айтты.
Башка күбөлөр соттук отурумга келбегендиктен отурум 1-ноябрда саат 14:00дө улана турган болду.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.