ИИМ: "Ушул жылдын 9 айында өлкөдө 30 өспүрүм баңгизатын жана психологияга терс таасир этүүчү заттарды колдонуп кармалышты"

Ушул жылдын 9 айында өлкөдө 30 өспүрүм бала баңгизатын жана психологияга терс таасир этүүчү заттарды колдонуп кармалышты.
Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда "өспүрүмдөрдүн баңгизатын колдонуусун спорт аркылуу алдын алуу" аттуу тегерек столдо ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Марат Сапаев билдирди.

"Биздин түзүмдө баңгизатын же кандайдыр бир психикага таасир этүүчү заттарды колдонгон өспүрүм балдарды кантип дароо аныктоо керек, аларга кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу кызматкерлерди даярдыктан өткөрүү иш-чаралары болуп турат. Ал эми сандарга кайрыла турган болсок быйылкы жылдын 9 айында өлкө боюнча жалпы баңгизатын жана психикага таасир этүүчү заттарды колдонгон 30 өспүрүм бала кармалган. Алар боюнча өспүрүмдөр менен иштеген кызматкерлер тийиштүү иш-аракеттерди алып барышты", - деди Марат Сапаев.

Аталган иш-чарага мектеп окуучулары, ИИМдин тийиштүү өкүлдөрү жана баңгизаттары боюнча атайын эксперттер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан