Пакистанда 21 жаштагы келин жолдошун жана 14 адамды ууландырып өлтүрүп алды. Окуя Пакистандын түндүк-чыгыш тарабындагы Пенжаб провинциясында болгонун 31-октябрда чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, 21 жаштагы Асия Биби өзүнүн сүйлөшкөн жигитине эмес, башка адамга мажбурлоо менен турмушка берилгендиктен сүйүктүүсүнө кайтуу үчүн жолдошун өлтүрүүгө аракет кылган.
Биби сүткө уу кошуп жолдошуна бергенде ал ичүүдөн баш тартып койгон. Бирок Бибинин апасы ошол уу кошулган сүттөн йогурт жана каймак майын жасоого кошуп койгон. Натыйжада каймак майды жеген 27 адам ууланып калып, анын ичинен Бибинин жолдошу жана 14 адам каза болгон. Биби күнөөсүн моюнуна алып, полицияга сүткө уу кошуп койгонун билдирген. Мындан улам аны менен бирге сүйүктүүсү да полиция тарабынан кармалды.