Мындан эки жыл мурун, 2015-жылы 31-октябрда Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусиянын А-321 үлгүсүндөгү учагы Египетте жайгашкан Синай жарым аралына кулап түшкөн. Кырсыктан улам учактагы 217 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза тапкан.
Маалыматтарга караганда, учактагылардын 214ү Орусиянын жараны болгон. Алардын көпчүлүгү Египеттеги эс алуудан үйлөрүнө кайтып бара жатышкан. Кырсык жардыргыч заттын жарылышынан улам келип чыккандыгы аныкталган. Окуяга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган. Ошондой эле 1-ноябрь Орусияда президент тарабынан аза күтүү күнү деп жарыяланган.
31-октябрга карата жылнаама.