Эстониянын борбору Таллин шаарындагы борбордук аянтта бычак менен элди коркутуп жол тоскон адамды полиция кызматкерлери атып салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Таллиндин борбордук аянтында эки колуна тең бычак кармаган адам элди жолдон өткөрбөй коркуткан. Ал жерге келген полиция кызматкерлери андан бычактарды берүүсүн талап кылганда, ал көнбөй койгон. Мындан улам полиция кызматкерлери эскертүү катары асманга 3 жолу ок чыгарышкан. Бирок ал полиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылганда ага карата ок чыгарылган.
Ал оор жаракат алып, ооруканадан каза болгон. Окуя орун алган жердеги адамдар жана полиция кызматкерлери жабыр тарткан эмес.