Ошто үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам уксус ичип алган 30 жаштагы аял каза болду. Анын артында эки баласы калды
Ош облустук ооруканасында үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам күйөөсүнө таарынып уксус ичип алган аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өз жанын кыюу максатында уксус ичкен аял 28-октябрда ооруканадан көз жумган.
"Каза болгон Т.Т. үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам күйөөсүнө таарынып төркүнүндө бир жумадай жүрүп 23-октябрда кайра келген экен. Эртеси 24-октябрда түштөн кийин уксус ичип алган. Ош облустук ооруканасында дарыгерлер 4 күн дарылашып, бирок сактап кала алган эмес. Анын эки баласы бар. Улуусу 3 жашта болсо, кичүүсү 1 жашка толо элек. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Ош облустук ички иштер башкармалыгынан.
Айта кетсек, 27-октябрда да Баткенде күйөөсүнүн кордугуна чыдабаган 20 жаштагы келин уксус ичип ооруканадан каза болгон.