АКШнын Нью-Йорк шаарындагы окуядан жабыркап, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Биздин АКШдагы элчилигибиздин тактап берген алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркап, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Учурда толук маалымат такталууда", - деп билдиришти министрликтен.
Айта кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасын велосипед өткөн жол менен айдап, бир нече адамды тебелеп кеткен. Андан соң мектеп окуучулары бараткан автобусту сүзүп токтогон. Ал дароо унаадан чыгып элге ок атууга аракет жасап жатканда полиция ага ок атып, колго түшүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Нью-Йорк шаарынын мэри бул окуяны "террордук чабуул" деп атаган.
Бул кылмышка 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу Өзбекстандын жараны шектелүүдө.