Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Шыкмаматов менен чогуу айыпталып жаткан Жусуп Иманалиевдин жактоочусу мурда Иманалиевдин иши менен алектенген прокурорду отурумга күбө катары чакырууну өтүндү.
"Иманалиевге козголгон кылмыш ишинде прокурор ага унаалардын баасын кымбаттаткан деп айып койгон. Оозеки түрүндө бир нече сандарды да айткан. Бирок Иманалиевдин кылмыш ишинде унаалардын баасы тууралуу бир да жолу сан жазылган эмес. Ал аталган сандарды кылмыш ишинде жазылбаса кайдан алды, келип көрсөтмө берсин", - деди жактоочу. Бирок сот анын өтүнүчүн четке кагып чакыруу зарыл эместигин билдирип ишке керектүү нерселердин баары кылмыш ишинде жазылганын айтты.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ал эми Жусуп Иманалиев аталган тендерди өткөргөн комиссиянын төрагасы болгон.