Сотто Шыкмаматов Нарынга куран окутууга барышы керектигин айтып кийинки отурумду жылдырууну өтүндү

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Шыкмаматов 3-ноябрда Нарынга барып кайненесине куран окуусу керектигин, ага байланыштуу 3-ноябрда боло турган отурумду 8-ноябрга жылдырууну өтүндү. Жактоочулар жана айыптоочулар мындай окуя ар бир адамдын башында бар экенин айтышып аталган өтүнүчтү канааттандыруу керек деген пикирлерин билдиришти. Аягында депутат менен жактоочусу сот менен талашып-тартышып жатып сотту аталган талапты канааттандырууга көндүрүштү.

Сот кийинки отурумду 8-ноябрь күнү саат 14:00дө улантуу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
s.k.bakyt
2017-11-01 19:03:54
Ар нерсени шылтоолоп жоопкерчиликтен качкандарды камаш керек, күнөөсү жок болсо эчак сот токтомок. Камап туруп тергеш керек. Закон иштебей мындайлар жыргап жүрө берет аш-тойлорго барып
+4
aerforce
2017-11-02 11:58:03
СДПКа баарын соттоп жатат баягы журналист кызды соккон СДПКадагы аялды убакытты созуп унчукпай койду ээ
0
Paolo
2017-11-02 14:17:11
Амиий ай ушу дагы шылтообу чын дилинен кабинетине кирип деле окуп койсо отмок деп ойлойм эртеси деле окумак да барып ушунча элди убара кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан