Ошто бөтөлкөлөшүн өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды

Ош шаарында бөтөлкөлөшүн өлтүрдү деп шектелип 27 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрга караган түнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 40-45 жаштар чамасындагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон адам туруктуу жашаган жери жок 1966-жылы туулган А.Тохтыев экендиги аныкталган.

Кийин аталган кылмышка шектелип, Ноокат районунун 27 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. Шектүү кылмышты моюнуна алып, маркум менен спирттик ичимдик ичип отуруп, пикир келишпестиктен жаңжал чыгып аягы өлүм менен аяктаганын билдирген.

Ошондой эле аталган маалыматта шектүү мурда соттолгон эмесмин деп көрсөтмө берип, бирок анын мурда 3 жолу соттолгону аныкталганы айтылат.

Ошто бөтөлкөшүн өлтүрдү деп шектелип 27 жаштагы адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
islamik
2017-11-01 18:53:26
Спирт ичимдиктерин тубунон жок кылыш керек. Мурда соттолгон болсо омур бою эркинен ажыратыш керек чын эле олтургон болсо жазасын алыш керек.
+1
asil-08
2017-11-01 21:36:04
Ушул баланын канча жылга соттолгонун кийинчерээк соттун чечими чыккандан кийин, кабарлап коюнуздарчы супер инфо сураныч.
0
admin_superstan
2017-11-02 11:16:24
asil-08, саламатсызбы! Сунушуңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
asil-08
2017-11-02 12:18:09
admin_superstan,Чоон рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан