Орусиянын Москва шаарында "Кыргыз жарандарын алдап, акчасын алып жүргөн" деп шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Москва полициясы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында М.З.А. аттуу аял алдамчылык фактысына шектелип кармалган.
"Ал Зоя Соколова экенин айтып, профессор, медицина илимдеринин доктору, жогорку даражадагы врач-терапевт, кээ бир жерлерден өзүн Кыргыз элчилигинин кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн. Орусия жарандыгын, паспортторду тез арада алып берем, абакта отургандарды боштондукка чыгарып берем деп алдамчылык жолу менен Кыргыз жарандарын көптөгөн чыгымдарга учураткан", - деп билдиришти аталган өкүлчүлүктөн.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда шектүүгө кылмыш иши козголуп, иликтенип жатканы, андан жабыркагандар Москва шаарындагы Кыргыз элчилигине же + 792 689 087 00 телефон номерине кабарлап коюусу керектиги айтылат.