"Орто Азия мамлекеттеринин биринин жараны колго түштү. Ал сентябрь айынан бери өз аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан. Шектүү Подмосковьенин Мытищинский районунан колго түшүрүлдү". Мындай маалыматты Орусия ИИМинин Москва шаардык башкармалыгы жергиликтүү маалымат булактарына кабарлады.
"Ыкчам топ кылмышка шектүү Орусиянын аймагынан чыгып кетүү үчүн шашылыш акча издеп жатканы тууралуу маалымат алган. Ал Москвада туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармалды", - деп билдиришкен полиция кызматкерлери.
Эскерте кетсек, 12-сентябрда Орусиянын Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кыргыз келиндин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатканын жана кол салуу кызганычтан улам болгонун божомолдоп, полиция кызматы ага издөө жарыяланганын билдирген.
Окуя Краснодар көчөсүндөгү видеобайкоолордун бирине түшүп калган. Видеобайкоодон шектүү аялына бир нече ирет бычак сайып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.