АКШнын Нью-Йорк шаарында 8 адамдын өмүрүн алган окуяга шектелген Сайфулло Саипов Кыргыз өлкөсүндө жашаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Нью-Йоркто болгон терактка шектүү деп өзбек улутундагы 29 жаштагы Сайфулло Саипов кармалган. Кийинчерээк чет элдик маалымат каражаттары Саипов Кыргыз өлкөсүнүн Ош облусунда жашап кеткенин жазып чыгышкан.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, маалыматты төгүндөдү.
"Ош облусунда чындап эле Саипов деген фамилиядагы үй-бүлө жашайт. Бирок кармалган кылмышкерге алардын эч кандай тиешеси жок. Ал эми Сайфулло Саиповдун аз убакыт Араван жана Кара-Суу райондорунда жашаган деген маалыматты дагы кылдат иликтеп чыктык. Ал маалымат дагы аныкталган жок", - деп билдиришти ИИМден.
Ошондой эле ИИМдин маалыматы боюнча, Саипов эч качан Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын албаган жана каттоого турган эмес.
Эске сала кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кеткен. Окуянын жыйынтыгында 8 адам каза болуп, 12 адам ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн.