Ошто канализация казып жаткан эки кишини үйдүн пайдубалы басып калып каза болду. Алардын бирөө табылбай жатат (фото)

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарындагы Памир көчөсүндө үч жигит канализация казып жатканда үйдүн пайдубалы түшүп кетип, жумушчуларды басып калды. Алардын экөө каза болуп, бири табылбай жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов кабарлады.

"Үч жигитти 10-октябрдан бери онго жакын үй-бүлө жалдап алып канализация каздырып жатышкан. Бирок бир үйдүн капталынан казып жатышканда дубалдарынан жарака кетип, ал үйдү бузуп беришкен. Бүгүн дагы өз ишин улантып, канализацияны казып жатышканда саат 13:00дөр чамасында үчөөнү тең үйдүн пайдубалы басып калыптыр. Алардын бири тирүү калып, экөө каза болуп калды. Каза болгондордун бири 1986-жылы туулган Камилжан, экинчиси 1985-жылы туулган Максүт В. Алардын бири дале табылбай жатат. Учурда 15 куткаруучу казуу, издөө иштерин жүргүзүүдө", - деди Баймуратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kaninaiman
2017-11-02 16:21:20
Кудайым сактай кор!!
+2
gute
2017-11-02 16:23:59
Туугандарына кудайым куч кубат, сабыр берсин.
+1
Ma9
2017-11-02 18:34:57
ой тоба кандай олумдор эле болуп атат
0
jypara1415
2017-11-03 13:24:52
Шордуулар ай ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан