Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан 22 жаштагы кыз кулап түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 2-ноябрда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя 2-ноябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында болгон.
"Ал денесинен көп жаракаттарды алган. Жаагы, омурткасы, колу сынып кеткен. Учурда Бишкек шаарындагы №4-Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.
Бишкек ШИИБинен аталган факты катталганын, учурда окуя тууралуу маалымат чогултулуп жатканын кабарлашты.