Бишкекте көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан кулап түшкөн 22 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыздын абалы оор, баш мээси чайкалып, жаагы сынып кеткен. Ал №4-Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, кечээ, 2-ноябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан 22 жаштагы кыз кулап түшкөндүгү тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришкен.