Бишкек шаарынын Гагарин-Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде турак жай менен кошо 3 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 3-ноябрга караган түнү саат 01:00дөр чамасында чыккан. Натыйжада эки кабаттуу турак жайдын 1000 чарчы метрдей чатыры жана үч унаа: Мерседес-Бенц Спринтер, Жигули, УАЗ үлгүсүндөгү унаалар күйүп кеткен.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жана 5 техника тартылган. Саат 2:30дар чамасында өрт чектөөгө алынып эртең мененки саат 7:00дөр чамасында толук өчүрүлгөн. Өрттөн эч ким жабыр тарткан эмес.