ӨКМ: "Баткендин Кайыңды айылында тоонун боору өрттөнүп жатат. Тилсиз жоо 3 гектар аймакты каптады"

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндөгү Тигин-Ава тоосунун боорунда куураган чөп өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы Тигин-Ава тоосунун боорунда куураган чөп кечээ, 2-ноябрда саат 17:00 чамасында өрттөнүп баштаган. Жергиликтүү тургундар өздөрү өрттү өчүрүүгө түнкү саат 10:00гө чейин аракет кылышкан.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 37 кызматкер техникалары менен Кайыңды айылына түнкү саат 11:30дар чамасында жетишип, түн киргендигине байланыштуу ошол айылга түнөп калышкан.

Ошондой эле аталган маалыматта бүгүн, 3-ноябрда өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 37 кызматкеринен тышкары жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылганы айтылат.

Күйүп жаткан өрттөн 3 гектардан ашуун аймактагы куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан