SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги меймандары ырчылар Курал Чокоев жана Ильяз Андаш болушту. Ырчылар менен болгон эфир тамаша-күлкүгө, кызыктуу жоопторго жана жандуу ырларга бай өттү. Позитивдүү мырзаларга эфир аркылуу сүйөрүн, каалоо-тилегин билдирген күйөрмандар да көп болду. "Экөөбүз колхоз ырчыларына кирбейбиз, анткени колубузда дипломубуз бар. Базарда соода кылып же чыгармачылыкка такыр тиешеси жок чөйрөдөн келип алып жылдыз болуп жатышпайбы. Биз шоу-чөйрөгө акчасы жок ырчы болуп келгенбиз", - дейт Ильяз Андаш.
Ырчы мырзалардын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№783, 3-ноябрь, 2017-жыл) окуңуз.