70 жаштагы эне менен 26 жаштагы кыз. Эки аял, эки тагдыр, колдорунда жетелеп жүргөн эки кичинекей бала. Батирине акча жетпей, эки баланы кантип багарын билбей аргасыздыктан элге кайрылып жатышат. "Кыйналып жүрүп экинчи уулумду төрөдүм, төрөтканадан чыгып келгенден кийин жашоомдогу эң оор жаңылыкты уктум. Күйөөмдүн алысыраак жеңелери “күйөөң эбак эле үйлөнүп алган. Кайындарына барып келгенбиз" дешти". Эки балам менен азыр жардамга муктажмын. Анткени батирге төлөй турган акчам жок, кожоюндар “чыккыла” деп жатышат", - дейт Өскөнаалы кызы Батма.
Оор тагдырга туш болгон жаш келиндин баянын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№783, 3-ноябрь, 2017-жыл) окуңуз.