Пакистанда 14 жашар кызды сабап, жылаңачтап көчө аралатышты. Муну кыздын байкесинен өч алууну каалагандар кылган

Пакистанда 14 жашар кызды уруп, жылаңачтап туруп айылдын көчөсүнө мажбурлап чыгарган 8 адамды полиция кызматкерлери колго түшүрдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Пакистандын Дера-Исмаил-Хан шаарындагы Гарахмат айылында болгон. Маалыматта белгилүү болгондой, 14 жаштагы өспүрүм кыздын агасы ошол айылдагы 1 кыз менен кыз-жигит мамиледе сүйлөшүп жүргөн. Муну билип калган кыздын агалары 27-октябрь күнү ал баланын 14 жашар карындашын сууга бараткан жерден кармап алышып, белгисиз жакка алып барып ур-токмокко алышкан. Андан соң кыздын кийимдерин чечип, айылдын көчөсүн жылаңач кыдыртышкан. Бул кылыкты жасаган 9 адамдын жоругун айылдык кеңештин өкүлдөрү өч алуу деп баалап, туура деген чечим чыгарышкан.

"Жабырлануучу кыздын туугандары полиция кызматкерлерине кайрылып, натыйжада 8 адам колго түштү. Алардын дагы бирөө издөөдө. Кылмышты жасагандардын баары жабырлануучунун агасы менен сүйлөшүп жүргөн кыздын туугандары болушкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Patriot7
2017-11-03 16:10:32
Мына силерге жапайычылык... Адамдын тушунугу томон болсо ошол да...

Агалары оз карындашын тыйып албайбы, башканын карындашына зордук корсотпой?!!

Ислам фанаттарын жек коргонум ошондон... Кыргызстанда ислам фанаттары кобойуп кетсе, Афганистан, Пакистандын жапайы жашоосу бизге келиши мумкун, тушунугу томондор ушуна окшогон маскарачылык, кордуктарга жол берип.....
+44
Aygul777
2017-11-03 16:31:24
Patriot7, бир адам жана бир коомдун айынан Исламдинин жек корбонуз. Ар кандай адамдар болот.
+7
Patriot7
2017-11-03 17:35:52
Aygul777, мен ислам динин эмес, ислам радикалдары, ислам фанаттарын айтып жатамын.. Тилекке каршы андай диний фанат-радикалдар бизде да кун санап осуудо... Алар менен биздин ислам динин таанып тушунуубуз башка башка....
+28
aydinnur
2017-11-03 16:33:56
Patriot7, мына бул оюңа жүз пайыз кошулам!! байкоосуздан минус басып алдым окшойт..бизде да радикалдарды ооздуктоочу мыйзам кабыл албаса,ушундайга жетээрге аз эле кадам калды (((
+20
meni_kut
2017-11-03 18:05:34
Patriot7,а мен буддист фанаттарды жаман коруп калдым,мьянмада наристелерди оор азап мн кордогонуна((
+8
muslim87
2017-11-03 22:59:01
Patriot7,макала да ислам жөнүндө же жалпы эле дин жөнүндө эч кандай сөз жок экен. Эмнеге бөйрөктөн шыйрак чыгарасың элди бөлүп жарып. Ошол пакистандык акмактар да сага окшогон ислам дининен эч бир түшүнүгү жок, ошон үчүн ушундай ишке барып жатышат. Исламдын и син түшүнбөгөндөн кийин ал жөнүндө сүйлөбөй эле койда.
-10
tttalant
2017-11-03 16:18:36
Кызда айып неге суйлошот анда
-11
alinurfr8
2017-11-03 20:09:04
е Аллахым комент жазгандарга озун ыйман бер
+2
Jumahmatov
2017-11-03 20:27:00
alinurfr8,туура айтыныз ушул созунузго млярд (+) баскым келди тилекке каршы баса албайм Аллахым озун гана ыйман бер комментарий жазгандарга бул жерде ислам дини боюунча эч кандай соз жазылган эмес ислам динине каршы адамдар ислам динин суйроп чыга калышты айтаарым ислам динине аралашып Аллахымдын атына соз тийгизбей котунорду кысып озунордун дининер менен эле жашай бергиле ислам динине асылбай
-4
Nanei
2017-11-03 22:00:11
Jumahmatov,кудайдан ыйманды биринчи озуно сура.
+8
daniel87
2017-11-03 21:00:47
Кудай сактасын радикалдардан,чала сабат молдолордон,террордон,дуйнону сактасын жапайычылыктан
+8
jamilya03
2017-11-03 21:36:58
Байкуш кызда эмне куноо бул дген жапайычылыкта
+5
afina66
2017-11-03 22:58:09
Жапайизм
+4
kenje-888
2017-11-04 09:47:29
Ошондо кыз жгит болуп суйлошконго болбосо кантип уйлонуп же куйоого тийет ????????
+3
Kylymbek_isakulov
2017-11-05 12:19:01
Баарынан главный журогунордо ыйман болсо болду туугандар
+1
Nibiru.
2017-11-05 13:27:18
Ана,жапайычылыктын жеткен чеги. Анан биздеги чала сабат,омурундо бир китеп окуп корбогон,торт суроону бир жылда аран жаттап,анан элди ислам халифатын курууга чакырган кок мээлерди жеерибегенде кантесин анан? Биздеги фанаттарды да катуу чара колдонуп,кынына кайра чыккыз кылып киргизбесе,бул акмактар кучой беришет. Журуп отуруп корор жыйынтыгыбыз Сирия,Афганистан,Пакистан болот. Ошондуктан ашкере радикал-фанаттарга карата аёсуз эле катуу жазаларды колдонуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан